Нарындагы панорамада жайкы кинотеатр жана балдар аянтчасы уюштурулат
Нарын шаарындагы РТС аймагында жайгашкан панорама туристтик жайга айланат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарындын мэри Жылдызбек Беккелдиев "Сапат курулуш" ЖЧКсынын жетекчиси Валихан Жолбулаков менен жолугушуп, алдыдагы иштерди талкуулады.
Долбоор сынак шартында жеке ишкерге пайдаланууга берилип, аймакта жайкы кинотеатр, сүрөт бурчу, балдар үчүн оюн аянтчасы жана тамактануучу жай уюштуруу мерчемделди. Мындан тышкары, туристтер үчүн атайын турлар болот.
Жергиликтүү бийлик бул демилге калаанын туристтик мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, шаар тургундары жана коноктор үчүн эс алууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.


