Бишкектеги 3 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкектеги 3 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгүнүн убактылуу жабылышына байланыштуу №23, №107 жана №203 автобустарынын каттамдарынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, жаңы кыймыл чиймеси оңдоо иштери толук аяктаганга чейин күчүндө болот.

Билдирүүгө караганда, жолдогу чектөөлөр 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө. Аталган иштер шаарды ишенимдүү жылуулук менен камсыздоого жана алдыдагы жылытуу мезгилинин туруктуу өтүшүнө багытталган.

Ушуга байланыштуу шаар тургундарына жана борбор калаага келген конокторго каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу жол белгилеринин талаптарын сактоо сунушталууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында бизнес-коомчулук, ТЭИ катышуучулары, бажы өкүлдөрү жана адистердин катышуусунда Консультативдик кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жыйындын негизги маселеси - "Смарт Бажы" маалыматтык тутумунун декларациялоо модулун ишке киргизүү болду. ТЭИ катышуучуларына модуль 26-сентябрдан тарта ишке кирери маалымдалды. Жөнгө салуу жана тестирлөө

Ишкер Media
Башкы прокуратура менен БУУӨП коррупцияга каршы күрөшүүнү талкуулады

Башкы прокуратура менен БУУӨП коррупцияга каршы күрөшүүнү талкуулады

Бүгүн Бишкекте БУУӨПтүн "Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү жана отчеттуулук" долбоорунун Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жыйынга Башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаров катышты. Анын айтымында, БУУӨПтүн колдоосу 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы стратегияны ишке ашырууга өбөлгө түзүүдө. Кызматташуунун алкагында: • коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча

Ишкер Media
Ала-Букада 5 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча текшерилди

Ала-Букада 5 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча текшерилди

Жер титирөөгө туруктуу курулуш институтунун Түштүк башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айылындагы бала бакчаны текшерди. Бул тууралуу Курулуш министирлиги билдирди. Маалымдалгандай, объекттин курулушу 2018-жылы башталып, 2020-жылы токтоп калган. Адистер имараттын долбоордук документтерин карап чыгып, конструкцияларына инженердик-техникалык талдоо жүргүзүп, өлчөөлөрдү алды. Жыйынтыгында техникалык абал

Ишкер Media
Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Ысык-Көл башкармалыгы Бишкек шаардык экологиялык прокуратуранын көрсөтмөсү менен текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылындагы курорттук-рекреациялык объектилер, конок үйлөр жана туристтик жайлар пландан тышкары текшерилди. Жыйынтыгында 32 объект шаар куруу мыйзамдарын бузуу менен салынганы аныкталды. Мыйзам

Ишкер Media