Кыргызстан менен Россияда SIM-картаны алмаштырбай байланышта болуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт

Кыргызстан менен Россияда SIM-картаны алмаштырбай байланышта болуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт

Кыргызстан менен Россияда бирдиктүү SIM-карта системасын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу журналисттерге Россия-кыргыз өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков билдирди.

Долбоорду Beeline Кыргызстан жана Билайн Россия Россия-кыргыз өнүгүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырмакчы.

Билдирүүгө караганда, бул долбоор ишке кирсе, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жүргөндө абонентке SIM-картасын алмаштыруунун зарылдыгы болбойт. Башкача айтканда, Кыргызстанда колдонуп жүргөн байланыш кызматтарын Россияда да, кайра Кыргызстанга келгенде да ошол эле SIM-карта аркылуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Долбоордун алкагында эки өлкөдөгү операторлордун мобилдик байланыш, акча которуу жана санариптик кызматтары бириктирилиши пландалууда. Бул өзгөчө Россияда иштеген кыргызстандыктар үчүн ыңгайлуу болмокчу. Мисалы, чет өлкөгө чыкканда жаңы SIM-карта сатып алуу, номер алмаштыруу же байланыш кызматтарын кайра жөндөө зарылдыгы азаймакчы.

Артем Новиковдун айтымында, бул долбоордун кийинки этабында ушундай эле система Өзбекстан жана Тажикстанда да ишке киргизилиши пландалууда.

Белгилей кетсек, “бесшовная SIM-карта” деген түшүнүк SIM-картаны физикалык жактан алмаштырбай, эки өлкөнүн мобилдик тармактарынын кызматтарын бирдиктүү система аркылуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн билдирет.

Мындан тышкары окуңуз

Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media
Ошто 393 млн сомдук балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет

Ошто 393 млн сомдук балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "ОбидФайз" ЖЧКнын балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу заводун көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, долбоордун инвестициясы 393,7 млн сом, ишкананын өздүк каражатынан каржыланган. Курулуш иштери аяктап, завод пайдаланууга даяр. Ишкана суткасына 15 тоннага чейин сүт азыктарын

Ишкер Media
"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында бизнес-коомчулук, ТЭИ катышуучулары, бажы өкүлдөрү жана адистердин катышуусунда Консультативдик кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жыйындын негизги маселеси - "Смарт Бажы" маалыматтык тутумунун декларациялоо модулун ишке киргизүү болду. ТЭИ катышуучуларына модуль 26-сентябрдан тарта ишке кирери маалымдалды. Жөнгө салуу жана тестирлөө

Ишкер Media