Кыргызстанга электромобилдерди ташып кирүү квотасы көбөйтүлдү
Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмү жок ташып кирүү квотасы 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлдү.
Чечим 17-августтан тарта күчүнө кирет. Учурдагы 15 миң унаага эсептелген квота 2026-жылдын июль айынын башында түгөнгөн.
Белгиленген чектен ашык импорттолгон электромобилдерге бажы төлөмү унаанын бажылык наркынын 15%ын түзөт.
Эскерте кетсек, өткөн жылы да Кыргызстандын сунушу менен электромобилдерди бажы төлөмүсүз импорттоо боюнча квота 10 миңден 15 миңге чейин көбөйтүлгөн.