Нарында жана Бишкекте жер титиреди
12-августта саат 13:15 чамасында Кыргызстанда алдын ала маалымат боюнча 4,8 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн очогу Нарын облусунун Кочкор районуна жакын жерде жана Бишкектен 124 чакырым алыстыкта болгону айтылууда.
Бишкек шаарында да жер титирөө катталды.