Айыл өкмөттүн орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Айыл өкмөттүн орун басары коррупцияга шектелип кармалды

УКМК тарабынан коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында, ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Пара талап кылуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, үстүбүздөгү жылдын 12-августунда жарандардын маселелерин оң жагына чечип берүү үчүн (колдонуудагы конструкцияны бир жер тилкесинен башкасына көчүрүү маселеси боюнча) акча каражатын талап кылган фактынын негизинде өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алып жаткан жеринен Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу катчысы Г.у.А., ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар Төө-Моюн айыл аймагынын башчысынын орун басары И.М. кармалды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 8 айда бюджетке 92,8 млрд сом көп чогулду

Кыргызстанда 8 айда бюджетке 92,8 млрд сом көп чогулду

Кыргызстанда 2026-жылдын 8 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 92,8 миллиард сомго көп салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси билдирди. Маалыматка караганда, бул учурда салык ставкалары жогорулатылган эмес жана ишкерлерге басым күчөтүлгөн эмес. Түшүүлөрдүн өсүшүн айрымдар инфляция же баанын өсүшү менен

Ишкер Media
Ошто Кыргызстандагы эң чоң мектептин курулушу аяктады

Ошто Кыргызстандагы эң чоң мектептин курулушу аяктады

Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Объект Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 2500дөн ашык окуучу билим ала алат. Курулуш 2026-жылдын мартында башталып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган. Старт берүү иш-чарасына

Ишкер Media
Шакиранын концертине эң арзан билеттер бир саатта сатылып кетти

Шакиранын концертине эң арзан билеттер бир саатта сатылып кетти

18-октябрда “Бишкек Аренада” өтө турган дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концертине билеттер бүгүн саат 09:00дө сатылышы башталган. Сатуу башталгандан кийин эле баасы 12 миң сом болгон эң арзан билеттер толугу менен сатылып кеткен. Саат 10:50гө карата ticket.gov.kg сайтында 22 миң сомдон 40 миң сомго чейинки билеттер гана

Ишкер Media
Аял фермерлер үчүн окутуу өттү

Аял фермерлер үчүн окутуу өттү

30-сентябрда Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту KOPIA борбору жана Кыргызстан Аялдар Конгресси менен биргеликте аймактардан келген аял фермерлер үчүн окутуу уюштурду.Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, иш-чаранын максаты - аял фермерлерге мал чарбачылыгы жана тоют өндүрүү багытында заманбап, илимий негизделген технологиялар боюнча практикалык маалымат

Ишкер Media