Кыргызстанда орточо айлык 53 миң 759 сомду түзөт

Кыргызстанда орточо айлык 53 миң 759 сомду түзөт

2026-жылдын январь–июнь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда орточо айлык эмгек акы 53 миң 759 сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын июнь айында 2025-жылдын июнь айына салыштырмалуу өлкөдөгү бардык экономикалык ишмердиктин түрлөрүндө иштегендердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 27,5%га өскөн.

Жылдык инфляцияны эске алганда, айлыктын реалдуу өсүшү болжол менен 16%ды түзөт. Мындан тышкары, бардык салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү кармалгандан кийин колго тийген сумма мындан да аз болот.

Эске салсак, май айында орточо айлык акы 51 миң 888 сомду түзгөн. Расмий маалымат боюнча, бир ай ичинде өсүш 3,6 пайыз болгон.

2026-жылдын июнь айынын жыйынтыгы боюнча айлык акы эң көп өскөн тармактар:

– искусство, көңүл ачуу жана эс алуу — 49,2%;

– саламаттык сактоо жана калкты социалдык тейлөө — 43,7%;

– билим берүү — 42%;

– айыл, токой чарбасы жана балык уулоо — 36,1%;

– кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик — 33,1%.

Ал эми 2026-жылдын январь–июль айларынын жыйынтыгы боюнча республикада расмий каттоодо турган жумушсуздардын саны 37,5 миң адамды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,8%га аз.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 8 айда бюджетке 92,8 млрд сом көп чогулду

Кыргызстанда 8 айда бюджетке 92,8 млрд сом көп чогулду

Кыргызстанда 2026-жылдын 8 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 92,8 миллиард сомго көп салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси билдирди. Маалыматка караганда, бул учурда салык ставкалары жогорулатылган эмес жана ишкерлерге басым күчөтүлгөн эмес. Түшүүлөрдүн өсүшүн айрымдар инфляция же баанын өсүшү менен

Ишкер Media
Ошто Кыргызстандагы эң чоң мектептин курулушу аяктады

Ошто Кыргызстандагы эң чоң мектептин курулушу аяктады

Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Объект Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 2500дөн ашык окуучу билим ала алат. Курулуш 2026-жылдын мартында башталып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган. Старт берүү иш-чарасына

Ишкер Media
Шакиранын концертине эң арзан билеттер бир саатта сатылып кетти

Шакиранын концертине эң арзан билеттер бир саатта сатылып кетти

18-октябрда “Бишкек Аренада” өтө турган дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концертине билеттер бүгүн саат 09:00дө сатылышы башталган. Сатуу башталгандан кийин эле баасы 12 миң сом болгон эң арзан билеттер толугу менен сатылып кеткен. Саат 10:50гө карата ticket.gov.kg сайтында 22 миң сомдон 40 миң сомго чейинки билеттер гана

Ишкер Media
Аял фермерлер үчүн окутуу өттү

Аял фермерлер үчүн окутуу өттү

30-сентябрда Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту KOPIA борбору жана Кыргызстан Аялдар Конгресси менен биргеликте аймактардан келген аял фермерлер үчүн окутуу уюштурду.Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, иш-чаранын максаты - аял фермерлерге мал чарбачылыгы жана тоют өндүрүү багытында заманбап, илимий негизделген технологиялар боюнча практикалык маалымат

Ишкер Media