Бишкекте даректүү тасмалардын эл аралык кинофестивалы болот

Бишкекте даректүү тасмалардын эл аралык   кинофестивалы болот

10-сентябрдан 14-сентябрга чейин Бишкек шаарында көрүнүктүү даректүү кинолордун режиссеру Альгимантас Видугиристин элесине арналган II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын кинофестивалы өтөт. Беш күнгө созулган фестивалда даректүү кинолор көрсөтүлүп, кинорежиссерлор менен жолугушуулар, мастер-класстар, бет ачаарлар, питчинг, шоукейс жана кесиптик талкуулар болот.

Иш-чаранын уюштуруучулары фестивалдын негизги аянтчалары – OloloErkindik жана “Ала-Тоо” кинотеатрында боло тургандыгын, бардык иш-чараларга кирүү акысыз экенин билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда саат 18:30да “Ала-Тоо” кинотеатрында башталып, анда А. Видугиристин “Нарын күндөлүгү” жана Т. Ибрагимовдун “Альгимантас Видукыргыз - кинорежиссёрдун аялынын сырын ачышы” аттуу тасмалардын бет ачаары менен коштолот.

Андан кийинки күндөрү көрүүчүлөрдү UmutDocтун негизги кинопрограммасы: кинорежиссёрлор менен талкуулар жана жолугушуулар коштолгон толук метраждуу жана кыска метраждуу даректүү тасмалардын сынактык көрсөтүүлөрү күтөт.

Ар бир сынакта “Эң мыкты тасма”, “Эң мыкты режиссер” номинацияларын лауреаттары аныкталат, ошондой эле “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы” жана “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү үчүн сыйлык” тапшырылат. New York Film Academy Kazakhstan колдоосу менен фестивалдын байге фондунун жалпы суммасы 80 000 АКШ доллары менен толукталат.  

Ошондой эле фестивалда биринчи жолу Algimantas Vidugiris Award сыйлыгы тапшырылмакчы.   

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media