Чолпон-Атадагы 10 миң орундуу ат майдан жаңыланды

Чолпон-Атадагы 10 миң орундуу ат майдан жаңыланды

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында капиталдык оңдоо жана көрктөндүрүү иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

2026-жылы башталган оңдоо иштеринин алкагында VIP-зона, конок бөлмөлөрү, трибуналар, административдик жайлар, жер төлө жана унаа токтотуучу жайлар жаңыланды. Ошондой эле инженердик тармактар оңдолуп, аймак көрктөндүрүлдү.

Трибуналардагы отургучтар жана керамогранит жабуулары, башкы кире бериштеги граниттер, чатыр жабуулары жана брусчаткалар жаңыртылды. Суу түтүктөрү жана санитардык түйүндөр алмаштырылып, фонтандар оңдолду.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.

Учурда ат майданында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүлүп, сахна орнотуу жана башка уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата ат майданы 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Анын тарыхы 1930-жылдардан башталып, объект 2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата оңдолгон, ал эми 2018-жылы толук жаңыланган.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу