Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров кечээ Бишкек шаарындагы "Ырыс-Ордо" мамлекеттик конгресс-борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы иш-чарада сөз сүйлөп, жаңы конгресс-борбор өлкөнүн өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүн жана өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырган заманбап Кыргызстандын жаңы символдорунун бири болорун белгиледи.

Президенттин айтымында, "Ырыс-Ордо" Шанхай Кызматташтык Уюму, Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму, Евразия Экономикалык Биримдиги, Түрк мамлекеттеринин уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын саммиттерин, глобалдык форумдарды жана башка ири иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Садыр Жапаров "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору жана "Бишкек Арена" стадиону толугу менен мамлекеттик каражаттын эсебинен курулганын белгиледи.

"Ырыс-Ордо" 39 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлеп, бир учурда 2 миңден ашык конокту кабыл ала алат. Борбордо 1238 орундуу "Курултай" конференц-залы, 1000 орундуу банкет залы, 235 орундуу пресс-зал жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүүгө арналган заманбап залдар жайгашкан.

Мындан ары бул жерде Элдик Курултайдын жыйындары, мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги жолугушуулар, эл аралык форумдар, ошондой эле ири коомдук жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү  талкууланды

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү талкууланды

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен “Борбордук Азиядагы жөндөмдүү жаштар үчүн диалог жана аракеттер” (DARYA) регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү, ошондой эле формалдуу эмес жана информалдык билим берүүнү таануу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда 2024-жылдан тартып

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар.

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат