Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттерди онлайн жана расмий кассалардан сатып алууга болот. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиа штабы билдирди.

Электрондук билетти nebs.gov.kg сайты аркылуу сатып алууга болот. Ал үчүн сайттан каттоодон өтүп, керектүү иш-чараны, секторду жана орунду тандап, төлөм жүргүзүү зарыл. Төлөм Visa, MasterCard, "Элкарт" карталары жана ELQR аркылуу кабыл алынат.

Офлайн билет сатуу 27-августтан башталат. Билеттер Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий-этнографиялык комплексинде, ипподромдогу эки расмий кассада жана Бостери айылындагы "Дордой Номад" амфитеатрында сатылат.

Иш-чара өтүүчү жайга кирүүдө электрондук же кагаз түрүндөгү билет көрсөтүлүшү керек. Электрондук билетти алдын ала смартфонго сактап алуу сунушталат.

Белгилей кетсек, Кырчын капчыгайындагы иш-чараларга жана Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын музейине кирүү акысыз.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан түрк мамлекеттери менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Кыргызстан түрк мамлекеттери менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-саммитине катышып сөз сүйлөдү.  Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы геосаясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында Түрк мамлекеттер уюмунун ролу өсүп жатканына токтолуп, Кыргызстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө кызыкдар

Ишкер Media
Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Кыргызстанда бир ири компания Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын брокердик лицензиясын колдонуп, өзүнө караштуу дагы 20-22 ишкана ачып, элден 5 млрд сом чогулткан. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл кызматынын төрагасы Кайрат Маматов “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Анын маалыматына караганда, сөз болуп жаткан компания каражатты пайызга алган. Мындай ишмердик

Ишкер Media
ИИМ интернет алдамчылар көбөйгөнүн дагы да эскертүүдө

ИИМ интернет алдамчылар көбөйгөнүн дагы да эскертүүдө

ИИМ интернет-алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жарандарды жеке маалыматтарын жана аккаунттарын коргоого чакырат. Министрликтин маалыматына ылайык, алдамчылар өздөрүн уюлдук операторлордун, банктардын же башка мекемелердин кызматкерлери катары тааныштырып, колдонуучулардан аккаунтка кирүү үчүн ырастоо коддорун алууга аракет кылышууда. Мындай аракеттер акыркы күндөрү көбөйгөнүн MEGA оператору да билдирген. ИИМ жарандарга мессенджерлерде эки

Ишкер Media
Турак жайды камсыздандыруу: төлөмдөр, талаптар жана жарандардын укуктары

Турак жайды камсыздандыруу: төлөмдөр, талаптар жана жарандардын укуктары

Кыргызстанда турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу каралган. Ал өлкө мыйзамдарына ылайык шаарларда да, айыл жергесинде да колдонулат. Алдыда турак жайды камсыздандыруу акысы, керектүү документтер, бүгүнкү күнгө карата аткарылган төлөмдөр тууралуу сөз кылабыз. "Ишкер" медиа сайтынын суроолоруна Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз кызматынан жооп беришти. — Өлкөдө турак жайды камсыздандыруу

Ишкер Media