Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

“Түндүк-Чыгыш” бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кытай Эл Республикасынан “О. А.Ю.Х.С.” ЖЧКсынын дарегине алып келинген “HOWO” 371 үлгүсүндөгү 12 жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номерлеринин өзгөртүлгөндүгү аныкталды.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, көзөмөлдөөжүргүзүүнүн жүрүшүндө “Кант” БТЖсында аталган транспорт каражаттарынын шассилеринин идентификациялык номерлеринин өзгөртүлгөндүгүнүн белгилери аныкталган.

Маркировкалык белгилердин өзгөртүлүшүнүн жагдайларын жана ыкмасын аныктоо максатында автоунаалар Юстиция министрлигине соттук-эксперттик изилдөө жүргүзүү үчүн жөнөтүлгөн.

Экспертизанын корутундуларына ылайык, бардык 12 автоунаанын шассилеринин идентификациялык номерлери жасалма жол менен өзгөртүлгөн. Тактап айтканда, алгачкы маркировка түшүрүлгөн жерлердеги металлдын үстүңкү катмары алынып, андан кийин экинчи маркировкалык белгилер түшүрүлгөн.

Чогултулган материалдар Бажы кызматынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген 9 558 740 сом өлчөмүндөгү зыян толугу менен өндүрүлүп алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media