Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Ош облусунда 5-августтан бери “Нелегал” ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында милиция аймакта окуп, иштеп же башка максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда болуу тартибин сактоосун текшерүүдө.

Жыйынтыгында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланыштуу 3 кылмыш иши, мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча дагы 1 кылмыш иши аныкталган.
Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузган 518 чет өлкөлүк жаранга протокол түзүлүп, жалпы 3 млн 3 миң сом айып пул салынды.

Милиция чет өлкөлүк жарандар иштеген мекемелерде да түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан түрк мамлекеттери менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Кыргызстан түрк мамлекеттери менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-саммитине катышып сөз сүйлөдү.  Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы геосаясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында Түрк мамлекеттер уюмунун ролу өсүп жатканына токтолуп, Кыргызстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө кызыкдар

Ишкер Media
Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Кыргызстанда бир ири компания Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын брокердик лицензиясын колдонуп, өзүнө караштуу дагы 20-22 ишкана ачып, элден 5 млрд сом чогулткан. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл кызматынын төрагасы Кайрат Маматов “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Анын маалыматына караганда, сөз болуп жаткан компания каражатты пайызга алган. Мындай ишмердик

Ишкер Media
ИИМ интернет алдамчылар көбөйгөнүн дагы да эскертүүдө

ИИМ интернет алдамчылар көбөйгөнүн дагы да эскертүүдө

ИИМ интернет-алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жарандарды жеке маалыматтарын жана аккаунттарын коргоого чакырат. Министрликтин маалыматына ылайык, алдамчылар өздөрүн уюлдук операторлордун, банктардын же башка мекемелердин кызматкерлери катары тааныштырып, колдонуучулардан аккаунтка кирүү үчүн ырастоо коддорун алууга аракет кылышууда. Мындай аракеттер акыркы күндөрү көбөйгөнүн MEGA оператору да билдирген. ИИМ жарандарга мессенджерлерде эки

Ишкер Media
Турак жайды камсыздандыруу: төлөмдөр, талаптар жана жарандардын укуктары

Турак жайды камсыздандыруу: төлөмдөр, талаптар жана жарандардын укуктары

Кыргызстанда турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу каралган. Ал өлкө мыйзамдарына ылайык шаарларда да, айыл жергесинде да колдонулат. Алдыда турак жайды камсыздандыруу акысы, керектүү документтер, бүгүнкү күнгө карата аткарылган төлөмдөр тууралуу сөз кылабыз. "Ишкер" медиа сайтынын суроолоруна Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз кызматынан жооп беришти. — Өлкөдө турак жайды камсыздандыруу

Ишкер Media