Коопсуздук талаптарын аткарбаган объектинин курулушу токтотулду

Коопсуздук талаптарын аткарбаган объектинин курулушу токтотулду

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан Моминов көчөсүндө курулуп жаткан 5 кабаттуу кеңсе имаратына кайрадан текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык коопсуздук талаптары бузулганы аныкталды. Тактап айтканда, имараттын жогорку кабаттарында коргоочу тосмолордун жоктугу аныкталып, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн жашоочуларына жана айланадагы адамдарга коркунуч жаратышы мүмкүн экени белгиленди.

Белгилей кетсек, аталган объект боюнча буга чейин башкармалык тарабынан эскертүүлөр берилип, тиешелүү талаптарды аткаруу милдеттендирилген.
Бирок, 25-августта жүргүзүлгөн кайра текшерүүдө эскертүүлөргө карабастан курулуш иштеринин уланып жатканы аныкталды. Анын негизинде "Teco" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, объекттеги курулуш иштери токтотулду.

Эгер аныкталган мыйзам бузуулар белгиленген талаптарга ылайык толук жоюлбаса анда компаниянын лицензиясын жокко чыгаруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткен облусунун Айдаркен шаарында бажы транзитинин эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-октябрда бажы кызматкерлери Өзбекстандын жараны башкарып бара жаткан Daewoo Damas үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Билдирүүгө караганда, унаада Өзбекстандан Кыргызстандын аймагы аркылуу Сох анклавына транзит менен жеткирилүүгө тийиш болгон жалпы салмагы 791 кг

Ишкер Media
Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактылары аныкталып, жалпы 60 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында жүргүзүлгөн рейд учурунда уруксат документтери жок кум-шагыл казуу фактысы аныкталып, 20 миң сом айып салынган. Ошондой

Ишкер Media
Эмгек министрлиги мигранттарды реинтеграциялоону талкуулады

Эмгек министрлиги мигранттарды реинтеграциялоону талкуулады

29-октябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууга Эл аралык жеке ишкердик борборунун (CIPE) Европа жана Евразия боюнча директору Наталия Оцел Белан жана АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Адам Тибо катышты. Тараптар 2026-2030-жылдарга кайтып келген

Ишкер Media
Кесиптик билим алган жаштарга жеңилдиктерди берүү долбоору сунушталды

Кесиптик билим алган жаштарга жеңилдиктерди берүү долбоору сунушталды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2030-жылга чейинки "Кесипкөй кадрлар" программасынын долбоорун сунуштады. Анда учурда иштеп жаткан же кесиптик билим алып жаткан жаштарга бир катар жеңилдиктер каралат. Министрликтин маалыматы боюнча бул программанын алкагында кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлинде кеминде алты айлык милдеттүү өндүрүштүк практика киргизилет. "

Ишкер Media