Манас шаарындагы бир катар объектилер текшерилди

Манас шаарындагы бир катар объектилер текшерилди

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен биргеликте шаардагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Манас шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жетекчилер алгач Балдар чыгармачылык борбору жана Жаштар борборунун абалын көрүп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мындан тышкары, мурдагы темир жолдун ордуна курулуп жаткан Манас – Багыш жолунун курулушу текшерилди. Аталган жолдун узундугу 12,5 чакырым, туурасы 22 метрди түзөт.

Ошондой эле Бишкек– Ош автожолунун Манас–Благовещинка айланма жолун оңдоо долбоорунун алкагындагы иштер, шаардын кире беришиндеги жарыктандыруу, веложолдун курулушу жана светофорлорго орнотулуп жаткан кошумча жарыктандырууларды жеринде көрүштү.

Кыдыруунун жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге курулуштардын сапатын тыкыр көзөмөлдөө тапшырмасы берилди.

 

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткен облусунун Айдаркен шаарында бажы транзитинин эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-октябрда бажы кызматкерлери Өзбекстандын жараны башкарып бара жаткан Daewoo Damas үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Билдирүүгө караганда, унаада Өзбекстандан Кыргызстандын аймагы аркылуу Сох анклавына транзит менен жеткирилүүгө тийиш болгон жалпы салмагы 791 кг

Ишкер Media
Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактылары аныкталып, жалпы 60 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында жүргүзүлгөн рейд учурунда уруксат документтери жок кум-шагыл казуу фактысы аныкталып, 20 миң сом айып салынган. Ошондой

Ишкер Media
Эмгек министрлиги мигранттарды реинтеграциялоону талкуулады

Эмгек министрлиги мигранттарды реинтеграциялоону талкуулады

29-октябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууга Эл аралык жеке ишкердик борборунун (CIPE) Европа жана Евразия боюнча директору Наталия Оцел Белан жана АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Адам Тибо катышты. Тараптар 2026-2030-жылдарга кайтып келген

Ишкер Media
Кесиптик билим алган жаштарга жеңилдиктерди берүү долбоору сунушталды

Кесиптик билим алган жаштарга жеңилдиктерди берүү долбоору сунушталды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2030-жылга чейинки "Кесипкөй кадрлар" программасынын долбоорун сунуштады. Анда учурда иштеп жаткан же кесиптик билим алып жаткан жаштарга бир катар жеңилдиктер каралат. Министрликтин маалыматы боюнча бул программанын алкагында кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлинде кеминде алты айлык милдеттүү өндүрүштүк практика киргизилет. "

Ишкер Media