Сузакта шагыл жана кум өндүрүүчү ишкана текшерилди

Сузакта шагыл жана кум өндүрүүчү ишкана текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде айылында жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү ишкананы текшерди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө адистер инерттүү материалдарды өндүрүү процессинин белгиленген талаптарга шайкештигин баалап, тастыктоо иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле сертификаттык сыноолорду өткөрүү үчүн өндүрүлгөн продукциядан үлгүлөр алынды.

Сыноолордун жыйынтыгы менен продукциянын ченемдик документтерде белгиленген талаптарга шайкештиги боюнча чечим кабыл алынат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткен облусунун Айдаркен шаарында бажы транзитинин эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-октябрда бажы кызматкерлери Өзбекстандын жараны башкарып бара жаткан Daewoo Damas үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Билдирүүгө караганда, унаада Өзбекстандан Кыргызстандын аймагы аркылуу Сох анклавына транзит менен жеткирилүүгө тийиш болгон жалпы салмагы 791 кг

Ишкер Media
Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактылары аныкталып, жалпы 60 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында жүргүзүлгөн рейд учурунда уруксат документтери жок кум-шагыл казуу фактысы аныкталып, 20 миң сом айып салынган. Ошондой

Ишкер Media
Эмгек министрлиги мигранттарды реинтеграциялоону талкуулады

Эмгек министрлиги мигранттарды реинтеграциялоону талкуулады

29-октябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууга Эл аралык жеке ишкердик борборунун (CIPE) Европа жана Евразия боюнча директору Наталия Оцел Белан жана АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Адам Тибо катышты. Тараптар 2026-2030-жылдарга кайтып келген

Ишкер Media
Кесиптик билим алган жаштарга жеңилдиктерди берүү долбоору сунушталды

Кесиптик билим алган жаштарга жеңилдиктерди берүү долбоору сунушталды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2030-жылга чейинки "Кесипкөй кадрлар" программасынын долбоорун сунуштады. Анда учурда иштеп жаткан же кесиптик билим алып жаткан жаштарга бир катар жеңилдиктер каралат. Министрликтин маалыматы боюнча бул программанын алкагында кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлинде кеминде алты айлык милдеттүү өндүрүштүк практика киргизилет. "

Ишкер Media