Ат-Башыда эт комбинаты менен сүт заводуна мониторинг жүргүзүлдү

Ат-Башыда эт комбинаты менен сүт заводуна мониторинг жүргүзүлдү

Ат-Башы районунда бир катар азык-түлүк жана ветеринардык объектилерге мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдирди.

Кызматтын Нарын облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын адистери эт комбинатынын, сүт заводунун, ветеринардык дарыкананын жана эт дүкөнүнүн ишмердүүлүгүн текшеришти.

Мониторингдин жыйынтыгында объектилерде негизги ветеринардык-санитардык талаптар сакталып жатканы аныкталды.

Ошол эле учурда айрым объектилерге санитардык тазалыкты жакшыртуу, дезинфекциялоочу каражаттардын запасын толуктоо жана тиешелүү журналдарды иретке келтирүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте үч күнгө курулуш иштерине убактылуу чектөө киргизилди

Бишкекте үч күнгө курулуш иштерине убактылуу чектөө киргизилди

Бишкек шаарында 30-августтан тартып үч күнгө курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жана оор атайын техникаларды пайдаланууга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Мындай чара Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу кабыл алынды. Бул маселе Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо

Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук координаторлорун кабыл алды

Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук координаторлорун кабыл алды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 28-августта Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууга Улуттук координаторлор кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген өкүлдөр катышты. Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өтүп жаткан жыйындын маанисине токтолуп, алдыдагы мамлекет башчыларынын

Сүлүктүдө “акылдуу” эсептегичтер орнотулууда

Сүлүктүдө “акылдуу” эсептегичтер орнотулууда

Электр энергиясын эсепке алууну санариптештирүү жана керектөөнү так көзөмөлдөө максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын Сүлүктү электр тармактар ишканасы “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштерин жүргүзүүдө. Баткен электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, 2026-жылга карата Сүлүктү электр тармактар ишканасына караштуу аймактарга жалпы 15454 даана “акылдуу” электр эсептегич орнотуу иштери пландалган

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык көзөмөл күчөтүлөт

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык көзөмөл күчөтүлөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул үчүн аймактык ыкчам жумушчу топ түзүлүп, иш тартиби бекиди. Жумушчу топ оюндар өтүүчү жайларда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышын