“Күрүч өндүрүү жана кайра иштетүү” агрокластерине 60 миллион сом берилди

“Күрүч өндүрүү жана кайра иштетүү” агрокластерине 60 миллион сом берилди

28-августта министрдин орун басары Мирбек Дүйшеевдин төрагалыгында “Өзгөн күрүчү” брендинин эл аралык стандарттарга ылайык даярдалган жаңы вакуумдук таңгактагы продукциясынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарага күрүч өндүрүүчүлөрдүн, соода түйүндөрүнүн, Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Кытай Эл Республикасындагы соода өкүлчүлүктөрүнүн, Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы “Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун өкүлү жана башкалар катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, Ош облусунун жана Ош шаарынын“Региондук экономикалык өнүгүү” долбоорунун алкагында Өзгөн районундагы “Күрүч өндүрүү жана кайра иштетүү”агрокластерине 60 млн сом өлчөмүндө колдоо көрсөтүлдү. Каражатка күрүч жыйноочу комбайндар, тракторлор жана башка айыл чарба техникалары алынууда. Бул колдоо айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, күрүчтү кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана “Өзгөн күрүчү” брендин ички жана тышкы рынокторго чыгарууга багытталган.

“Биздин негизги максат - айыл чарба өндүрүүчүлөрүн өндүрүш баскычында гана эмес, продукцияны кайра иштетүүдө, сатууда жана жаңы рынокторго чыгарууда да колдоо көрсөтүү. “Өзгөн күрүчү” чоң потенциалга ээ ата мекендик бренд, аны өнүктүрүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштер улантылат”, - деп белгиледи Мирбек Дүйшеев.

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик