Ошто таштандыны кайра иштетүүчү завод курулууда

Ошто таштандыны кайра иштетүүчү завод курулууда

Ош шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештин бир катар депутаттарынын катышуусунда маанилүү иш-чаралар өттү. 

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, эл өкүлдөрү жаңыланган жолдордун салтанаттуу ачылышына катышып, таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышышты. 

Учурда негизги курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан объект 18 гектар аянтты ээлеп, имараттары 27 миң чарчы метрди түзөт. 

Ишкана ишке киргенден кийин калдыктарды сорттоп жана зыянсыздандыруудан сырткары, электр энергиясын өндүрүүгө жана жергиликтүү тургундарга жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.

Мындан тышкары окуңуз

“Күрүч өндүрүү жана кайра иштетүү” агрокластерине 60 миллион сом берилди

“Күрүч өндүрүү жана кайра иштетүү” агрокластерине 60 миллион сом берилди

28-августта министрдин орун басары Мирбек Дүйшеевдин төрагалыгында “Өзгөн күрүчү” брендинин эл аралык стандарттарга ылайык даярдалган жаңы вакуумдук таңгактагы продукциясынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарага күрүч өндүрүүчүлөрдүн, соода түйүндөрүнүн, Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Кытай Эл Республикасындагы соода өкүлчүлүктөрүнүн, Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы “Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун

Темир Сариев Кытай менен 100 биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады

Темир Сариев Кытай менен 100 биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бүгүнкү инвестициялык форумда Кыргызстанда 100 кыргыз-кытай биргелешкен ишканасын түзүүнү сунуштады. Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын негизги демилгеси — соода мамилелеринен жаңы баскычка, тагыраагы, биргелешкен өндүрүш жана өнөр жай кызматташтыгына өтүү. "100 меморандум, 100 ниет протоколу эмес, 100 чындап

Эгемендүүлүк күнүнө карата Нарында 10 жаңы имарат ишке берилет

Эгемендүүлүк күнүнө карата Нарында 10 жаңы имарат ишке берилет

Эгемендүүлүк күнүнө карата Нарын облусунда 10 жаңы объектти ишке берүү көздөлүүдө. Алардын арасында 6 мектеп, 1 административдик имарат, 1 бала бакча жана 2 өндүрүштүк ишкана бар. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, облус башчысы Эркинбек Чекирбаев имараттардын даярдыгы менен таанышып чыкты. Ал курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп, сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө

Ысык-Көлдө 2 кызматкердин жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды

Ысык-Көлдө 2 кызматкердин жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды

Ысык-Көл аймактык транспорт башкармалыгында 2 жаран жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алар жумушка орношууда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атынан берилген жогорку билим тууралуу дипломдорду көрсөтүшкөн. Транспорттук прокуратура жүрзүзгөн