Таластын кире беришиндеги арка оңдоп-түзөөдөн өттү

Таластын кире беришиндеги арка оңдоп-түзөөдөн өттү

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө даярдыктын алкагында облуска кире бериштеги арка толук оңдолду.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин айтымында, иштер президенттин тапшырмаларына жана Талас облусун өнүктүрүү стратегиясына ылайык жүргүзүлүүдө.

“Долбоордун алкагында кире бериш арка жаңыланып, эс алуу жайынын курулушу аяктады. Аны 4-5-сентябрда пайдаланууга берүү пландалууда. Ошондой эле Манаска арналган эстелик толукоңдолуп, анын жанына Манастын жети осуяты орнотулду”, – деди Жумаев.

Мындан тышкары, облус башчысы Талды-Булактан кире бериш аркага чейин 37 чакырым электр линиясы тартылганын белгиледи. Анын айтымында, буга чейин бул өрөөндө электр энергиясы болгон эмес.

“Электр энергиясы берилгенден кийин бул жерде электр унааларын кубаттоочу станцияларды, кафе, ресторан жана башка жол боюндагы объектилерди ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле жолдун боюнда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жарыктандыруу орнотулууда”, – деди Жумаев.

Президенттин өкүлүнүн маалыматына караганда, облустун кире беришиндеги объектилерди оңдоо иштерин 5-6-сентябрда толук аяктоо пландалууда. Долбоордун жалпы баасы болжол менен 20 млн сомду түздү.

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кореялык компания өлкөдө өндүрүш долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат

Кореялык компания өлкөдө өндүрүш долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат

КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түштүк кореялык HWAYA INC компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдирди. Мекемеден белгилешкендей, анда инвестициялык кызматташтыктын келечеги жана Кыргызстанда өндүрүш ишканасын түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү, ишкананы эркин экономикалык аймактын (ЭЭА) аймагына жайгаштыруу жана кыргыз-корей инвестициялык кызматташтыгын

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстан социалдык тармакта кызматташат

Кыргызстан жана Өзбекстан социалдык тармакта кызматташат

Самарканддагы дүйнөлүк саммиттин алкагында Кыргызстан менен Өзбекстан социалдык чөйрөдө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, документке Кыргызстандын Эмгек министрлиги менен Өзбекстан президентинин алдындагы Улуттук социалдык коргоо агенттиги кол койду. Меморандум боюнча тараптар: • социалдык коргоо жаатында тажрыйба алмашуу • аярлуу катмарларга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу • санариптик чечимдерди киргизүү • социалдык кызматкерлерди

Ишкер Media
Баткенде кышка даярдык текшерилүүдө

Баткенде кышка даярдык текшерилүүдө

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын Баткен филиалында 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык текшерилүүдө. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасы кабарлады. Маалым болгондой, комиссия жабдуулардын техникалык абалын, оңдоо иштерин, аба чубалгыларын, релелик коргоо системаларын жана авариялык бригадалардын даярдыгын текшерүүдө. Ошондой эле: • запастык бөлүктөрдүн жетиштүүлүгү • кызматкерлердин кышкы кийим

Ишкер Media
Кыргызстанда 15 млн сомдон ашык баңгизат алынып, төрт жаран кармалды

Кыргызстанда 15 млн сомдон ашык баңгизат алынып, төрт жаран кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан бир нече эл аралык каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматкаылайык, Түштүк-Чыгыш Азиядан Кыргызстанга ири өлчөмдө баңгизат жеткирүүгө тиешеси бар уюшкан эл аралык баңгизат тобу аныкталган. Ошондой эле өлкө ичинде баңгизаттарды ташуу, сактоо

Ишкер Media