"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

Иш-чаранын активдүү катышуучуларынын арасында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Россиядан келген ден соолугунан майыптыгы бар адамдар бар.

2026-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин Кыргызстандын Ысык-Көлүндө "Рухтун жел кайыктары – 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз" эл аралык инклюзивдик долбоорунун биринчи этабы өтүүдө. Долбоор "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Мамлекеттик корпорация менен өнөктөштүктүн 10 жылдыгында долбоор өзүнүн юбилейлик сезонун Борбор Азияда баштады. Анткени бул аймакта "Рухтун жел кайыктары" долбоорунун айланасында эл аралык коомчулук акырындык менен калыптанып келе жатат.

Долбоордун Кыргызстандагы этабы ар кандай жашоо тажрыйбасына жана физикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ адамдарды бириктирди. Алардын арасында көзү азиз жана начар көргөн, угуусу начар жана аутизми бар адамдар, ошондой эле волонтерлор, координаторлор, артисттер, коомдук лидерлер жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү катышууда. "Рухтун жел кайыктары" долбоорунда майыптыгы бар адамдар жардамга муктаж адамдар катары каралбай, тескерисинче, команданын толук кандуу мүчөсү катары иш-чараларды алып барууга жана уюштурууга активдүү катышат. Ошондой эле өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, башкалардын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууга көмөктөшөт.

Катышуучулардын арасында Кыргызстандан Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун угуусу начар кызматкери Арина Маркина, Казакстандан көрүүсү начар ырчы жана музыкант Диляра Асаинова, долбоордун Борбор Азиядагы координатору, 2016-жылы Санкт-Петербург – Париж экспедициясына катышкан азиз Михаил Войцеховский, ошондой эле Түркиядан көрүүсү начар коомдук лидер жана долбоордун Түркиядагы багытын биргелешип уюштуруучу Дурсун Арслан жана башкалар бар. Дал ушундай, катышуучудан жаңы ролду аркалаган активдүү мүчөгө чейинки жол бул кыймылдын негизин түзөт.

Кыргызстанда долбоорго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев да өзгөчө колдоо көрсөттү. Ал көрүүсү начар адам катары көп жылдан бери инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүү жана майыптыгы бар адамдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багытында жигердүү иш алып барып келет.

"Кыргызстан үчүн майыптыгы бар адамдардын коомдук турмушка сырттан байкоочу катары эмес, толук кандуу катышуучу катары аралашуусуна шарт түзгөн долбоорлор өзгөчө маанилүү. "Рухтун жел кайыктары" дал ушундай мамилени көрсөтүүдө. Бул жерде адамдар биригип, тең укуктуу негизде өз ара аракеттенүүнү үйрөнүп, ар бир адам өз мүмкүнчүлүгүн көрсөтө ала турган чөйрөнү түзүшөт. "Росатомдун" Кыргызстанда ишке ашырылып, мындан ары да өнүгүүгө багыт алган мындай демилгелерди колдоосу маанилүү деп эсептейм", — деди Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев долбоордун ачылышында.

"Биз үчүн "Рухтун жел кайыктары" — бул жөн гана маршрут, суу жана парус эмес. Бул адамдар бири-биринин чектелген мүмкүнчүлүктөрүнө эмес, күчүнө, талантына жана тажрыйбасына көңүл бура баштаган чөйрө. Биздин долбоордо майыптыгы бар адамдар жөн гана катышуучу эмес, жалпы кыймылды бирге түзгөн өнөктөштөр. Дал ушундай өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында жаңы ролдор, жаңы демилгелер жана жаңы коомчулуктар пайда болот. Ошондуктан долбоордун негизги жыйынтыгы анын ачылган же жабылган күнү эмес, адам үйүнө кайтып барып, баштаган ишин андан ары уланткан учурдан тарта көрүнө баштайт", — деп белгиледи "Рухтун жел кайыктары" долбоорунун жетекчиси, "Белая Трость" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун президенти Олег Колпащиков.

"Рухтун жел кайыктары" долбоорун колдоо "Росатомдун" адамды урматтоо, кызматташтыкты өнүктүрүү жана коомчулуктардын туруктуу өсүшү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү принциптерине шайкеш келет. Биз үчүн Кыргызстанда бул долбоордун адамдарды инклюзия, өнөктөштүк жана биргелешип өнүгүү идеяларынын айланасында бириктирип жатканы маанилүү", — деп белгиледи "Росатомдун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов.
Маалымат үчүн

"Рухтун жел кайыктары" ­– майыптыгы бар адамдар менен башка катышуучуларды бириктирген эл аралык долбоор. Анын алкагында катышуучулар парустук экспедицияларга, спорттук жана чыгармачылык программаларга чогуу катышып, аралаш командаларда иштөөнү үйрөнүшөт. Долбоордон кийин өз өлкөлөрүнө кайтып, өздөрүнүн демилгелерин ишке ашыра башташат. 

2011-жылы бир экспедициядан башталган долбоор бүгүнкү күндө ири эл аралык кыймылга айланды. 2016-жылдан тарта долбоор "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен өнүгүп келет. Бул мезгил аралыгында долбоордун катышуучулары 16 өлкөдө болуп, беш эл аралык маршрутту ишке ашырышты. Ошондой эле парустук жана кайык спорту боюнча 46 регата жана мелдеш, 50 Экстрабилити күнү жана 47 шаарда жети инклюзивдик лагерь өткөрүлдү. 2026-жылы долбоордун юбилейлик сезону Кыргызстанда, Казакстанда жана Түркияда өтөт.

Кыргызстан Борбор Азияда долбоорду өнүктүрүүдө маанилүү өлкөлөрдүн бирине айланды. 2025-жылы Ысык-Көлдө өткөн алгачкы этап мындай форматка майыптыгы бар адамдар, волонтерлор, коомдук уюмдар жана жергиликтүү өнөктөштөр тарабынан кызыгуу бар экенин көрсөттү. 2026-жылы долбоордун командасы жаңы этапты өткөрүү менен гана чектелбестен, аймактагы инклюзивдик демилгелерди өнүктүрүүгө салым кошууга даяр катышуучулардын, волонтерлордун жана уюмдардын санын көбөйтүүнү көздөөдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media