Кыргыз-Кытай инженерлер институту ачылды

Кыргыз-Кытай инженерлер институту ачылды

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз-Кытай алдыңкы инженерлер институту ачылды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы ачылган институттун базасында 200 млн сомго жакын каражатка 15 заманбап лаборатория камсыздалды.

“Алар жашыл энергетика жана тоо-кен тармагы багытында иштеп, Борбор Азиядагы эң ири илимий, билим берүү жана практикалык борборлордун катарын толуктайт”, – деди министр.

Эскерте кетсек, бул долбоор Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында илим жана технологиялар жаатында ишке ашкан эң ири багыттардын бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кырчын жайлоосуна акысыз транспорт каттай баштады

Кырчын жайлоосуна акысыз транспорт каттай баштады

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтчү Кырчын жайлоосуна келген коноктор жана жергиликтүү тургундар үчүн үч багыт боюнча акысыз автобус каттамдары уюштурулду. Оюндардын медиаштабынын маалыматына ылайык, акысыз автобустар бүгүн саат 08:00дөн баштап каттай баштады. Каттамдардын аралыгы 15 мүнөттү түзөт. Үч багыт боюнча тең жол кире акысыз. №1 каттам: Жаркынбаев — Кырчын – Семеновка.

Кыргызстандан Россияга сүт азыктары экспорттолот

Кыргызстандан Россияга сүт азыктары экспорттолот

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жетекчиси Адилет Сотовалдиев Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Сергей Данкверт менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар малдарды эмдөө, ветеринардык препараттарды сатып алуу жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин

ШКУ жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

ШКУ жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылар кеңеши 1-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: - Шанхай кызматташтык уюмунун жыйырма беш жылдыгына арналган Бишкек декларациясы;  - 2002-жылдын 7-июнундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

Садыр Жапаров: ШКУга мүчө мамлекеттер дүйнө калкынын 40%дан ашыгын бириктирет

Садыр Жапаров: ШКУга мүчө мамлекеттер дүйнө калкынын 40%дан ашыгын бириктирет

Чейрек кылым ичинде ШКУ чек арадагы ишенимди бекемдөөчү механизмден дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык биримдикке айланып, зарыл уюм экенин далилдей алды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан ШКУнунсаммитинде билдирди. Ал ШКУ саммити “Ырыс алды – ынтымак” деген элдик накылдын негизинде өтүп, бул сөздөр “Шанхай рухунун” маңызын чагылдырарына токтолду. “Уюмубуздун ролуна