ИИМ башчысы жол коопсуздугунун кызматкерлеринин эмгегин баалады
Ички иштер министри ШКУ саммитинин жүрүшүндө жол коопсуздугун камсыздоодо кынтыксыз кызмат өтөгөн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, саммит күндөрү кызматкерлер жол кыймылын жөнгө салып, делегациялардын коопсуз жүрүшүн камсыздап, коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөштү.
Эл аралык иш-чара аяктагандан кийин башкармалыктын кызматкерлери өздөрүнүн аймактарына кайтып, күнүмдүк кызматын улантарын билдиришти.


