Интернетке тараган видеодон кийин Арал коктусу таштандыдан тазаланды

Интернетке тараган видеодон кийин Арал коктусу таштандыдан тазаланды

Ысык-Көл районунун Семеновка айылындагы Арал коктусуна мыйзамсыз ташталган курулуш жана башка таштанды калдыктары тазаланды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, интернет булактарына тараган видеонун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы жеринде ыкчам кароо иштерин жүргүзгөн.

Анын алкагында атайын комиссия түзүлүп, ага Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, Экотехмилициянын, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Арал коктусуна мыйзамсыз ташталган курулуш жана башка таштанды калдыктары толугу менен тазаланып, аймак иретке келтирилди.

Мыйзамсыз таштанды таштоо фактысы боюнча тиешелүү тарапка мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүлөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын