Көк-Жардагы 750 орундуу жаңы мектеп 12-сентябрда ачылат

Көк-Жардагы 750 орундуу жаңы мектеп 12-сентябрда ачылат

Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Мектептин курулушу быйыл февраль айында башталган. Жаңы билим берүү мекемесин Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата 12-сентябрда пайдаланууга берүү пландалууда.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3 348,9 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имарат курулду. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана жана азык-түлүк сактоочу кампа, компьютердик жана эмгек класстары, жыйындар залы, ошондой эле спорт залы каралган.

Учурда курулуш иштеринин соңку этабы аткарылууда. Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты жана ар бир этабы министрликке караштуу тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Белгилей кетсек, мындан тышкары Бишкек шаарында республикалык бюджеттин эсебинен дагы 19 мектеп курулууда. Бул долбоорлор борбор калаадагы мектептердеги орун тартыштыгын азайтууга жана окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

27-октябрда Улуттук банктын төрагасы А. Бакетаев микрофинансылык уюмдардын жетекчилери, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" жана "Кыргызстан банктарынын союзу" бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда микрофинансы секторунун учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана аны өнүктүрүү маселелери талкууланды. Сектордун өкүлдөрү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын

Ишкер Media
Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Бүгүн Ош шаарындагы К. Абдыразаков көчөсүнүн Б. Нурматов көчөсү менен кесилишкен жеринде мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Текшерүү учурунда курулуштун тиешелүү муниципалдык жана мамлекеттик органдардын эч кандай уруксат берүүчү документи жок жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Шаардык мэрия билдиргендей, шаардын башкы планына ылайык бул аймак жашылдандыруу зонасы

Ишкер Media
Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 29–30-октябрда Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкө лидери Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат. Саммитте аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат. Жыйынтыгында

Ишкер Media
Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү. Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү,

Ишкер Media