Кырчында "Көчмөндөр ааламы: Жандуу мурас" этно-шаарчасы ачылды

Кырчында "Көчмөндөр ааламы: Жандуу мурас" этно-шаарчасы ачылды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган "Көчмөндөр ааламы: Жандуу мурас" этно-шаарчасынын ачылыш аземине катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чаранын алдында Адылбек Касымалиев президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү тарабынан орнотулган боз үй комплекстерин көрүп чыкты.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Минкаб төрагасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маанисине токтолуп, Кырчында көчмөн цивилизациясынын тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана өнөрүн бириктирген өзгөчө мейкиндик түзүлгөнүн белгиледи.

Анын айтымында, этно-шаарча жана ага алып баруучу жаңыланган жол бир гана иш-чара үчүн курулган эмес. Жаңы инфраструктура мындан ары туризмди өнүктүрүүгө жана ата-бабалардын мурасын таанытууга кызмат кылат.

Этно-шаарчада кыргыз боз үйлөрү тигилип, улуттук кийимдер, элдик кол өнөрчүлүк, салттуу оюндар, каада-салттар жана улуттук музыка кеңири көрсөтүлүүдө.

Адылбек Касымалиев "Жандуу мурас" түшүнүгү ата-бабалардан калган өнөрдү сактап гана тим болбостон, аны күнүмдүк турмушта улантууну билдирерин белгиледи.

Ошондой эле ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маанилүү максаттарынын бири — ата-бабалардын бай мурасын сактап, аны келечек муундарга өткөрүп берүү экенин айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

27-октябрда Улуттук банктын төрагасы А. Бакетаев микрофинансылык уюмдардын жетекчилери, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" жана "Кыргызстан банктарынын союзу" бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда микрофинансы секторунун учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана аны өнүктүрүү маселелери талкууланды. Сектордун өкүлдөрү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын

Ишкер Media
Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Бүгүн Ош шаарындагы К. Абдыразаков көчөсүнүн Б. Нурматов көчөсү менен кесилишкен жеринде мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Текшерүү учурунда курулуштун тиешелүү муниципалдык жана мамлекеттик органдардын эч кандай уруксат берүүчү документи жок жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Шаардык мэрия билдиргендей, шаардын башкы планына ылайык бул аймак жашылдандыруу зонасы

Ишкер Media
Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 29–30-октябрда Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкө лидери Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат. Саммитте аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат. Жыйынтыгында

Ишкер Media
Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү. Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү,

Ишкер Media