Кырчындагы коопсуздук "Аска" көчмө борбору аркылуу көзөмөлдөнүүдө
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо үчүн ИИМдин Ички аскерлеринин атайын жабдылган «Аска» көчмө башкаруу борбору кызмат өтөөдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын унаа иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттерди ыкчам аткарууга, тартылган күчтөрдүн иш-аракеттерин координациялоого жана кырдаалга жараша тиешелүү чечимдерди өз убагында кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
Учурда "Аска" көчмө башкаруу борбору аркылуу Кырчын жайлоосундагы жалпы кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле коомдук тартипти сактоого тартылган күчтөрдүн өз ара байланышы жана биргелешкен иш-аракети координацияланууда.


