Баткенде "Европага жөнөтөм" деп жарандардан 900 миң сом алган шектүү кармалды

Баткенде "Европага жөнөтөм" деп жарандардан 900 миң сом алган шектүү кармалды

Баткен ОИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 43 жаштагы Ж.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу аймактык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин бир нече тургун милицияга кайрылып, 2025–2026-жылдары аталган жаран "Европа өлкөлөрүнө жөнөтүп, жумушка орноштурам" деп ишенимге кирип, ар кандай өлчөмдөгү акча каражаттарын алып, изин жашырып кеткенин билдиришкен.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучуларга жалпы 900 миң сомго жакын материалдык зыян келтирилгени аныкталды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Ош облусунун Гүлчө шаарындагы Алымбек датка көчөсүндө жол оңдоо иштеринин 75 % аяктады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 3,7 чакырымды түзгөн жолдун 2,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары, ал эми 750 метрине экинчи катмары төшөлдү. Калган 2 чакырымга асфальт төшөө иштери жакынкы 2-3 күндө

Ишкер Media
Кыргызстандын Казакстанга экспорту 8 айда дээрлик 14% көбөйдү

Кыргызстандын Казакстанга экспорту 8 айда дээрлик 14% көбөйдү

Бүгүн Соода-өнөр жай палатасы Бишкекте Кыргыз-Казак ишкерлер кеңешинин кеңейтилген жыйыны өтүп, ага эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышканын билдирди. КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев өз сөзүндө соода-экономикалык кызматташтыктын өсүшүнө карабастан, чек арадагы көйгөйлөр ишкерлерге олуттуу тоскоолдук жаратып жатканын билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы эки

Ишкер Media
ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

Ички иштер министрлиги жарандарды акысыз спутниктик интернетке туташтыруу шылтоосу менен жасалышы мүмкүн болгон алдамчылык аракеттерден сак болууга чакырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, алдамчылар WhatsApp аркылуу спутниктик интернет сыноо иретинде ишке киргизилгени тууралуу жалган билдирүүлөрдү таратып, акысыз туташууну жана интернеттин ылдамдыгын жогорулатууну сунушташууда. Андан соң интернетти

Ишкер Media
Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Бишкектен Чүй облусунун шаарларына жана калктуу конуштарына туруктуу автобус каттамдарын уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-октябрда, парламенттин жыйынында билдирди. Депутаттын айтымында, Токмок, Кант, Кемин, Сокулук жана Кара-Балтадан Бишкекке каттаган тургундар эртең менен жана кечинде транспорт жетишсиздигинен кыйналып жатышат. “Жарандар кайрылып жатышат. Кечки

Ишкер Media