Баткендин Сабыров айылында 700дөн ашуун тургун таза суу менен камсыз болот

Баткендин Сабыров айылында 700дөн ашуун тургун таза суу менен камсыз болот

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сабыров айылында жаңы ичүүчү суу менен камсыздоо системасы курулууда. Долбоор ишке ашкандан кийин айылдын 700дөн ашуун тургуну таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин маалыматына ылайык, курулуш иштери "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Учурда айылда 1988-жылы курулган суу менен камсыздоо системасы пайдаланылып келет. Суу Миң-Жыгач айылынын түштүк тарабындагы булактардан тартылуу күчү менен келип, зыянсыздандыруу иштери кол менен жүргүзүлөт. Калкка ичүүчү суу белгиленген график боюнча берилет.

Инфраструктуранын эскиришинен жана авариялык участоктордун көптүгүнөн улам учурдагы система суунун талаптагыдай сапатын жана үзгүлтүксүз берилишин камсыздай албай келет.

Долбоордун алкагында заманбап талаптарга жооп берген туруктуу суу менен камсыздоо системасын түзүү жана ар бир үйгө суу түтүгүн жеткирүү каралган.

Курулуш иштерин 2027-жылдын экинчи жарымында аяктоо пландалууда. Жаңы система ишке киргенден кийин айылдагы санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртууга да өбөлгө түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

ЖК салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

ЖК салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү бир катар мыйзам долбоорлору бириктирилип, экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алынды. Бул боюнча Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев маалымат берди. Анын айтымында мыйзам долбоорлору жеке жактардын салыктык жүгүн азайтууга, салык төлөгөндөн кийин алардын карамагында кала

Ишкер Media
"Эко Оператор" ишканасы 9 айда утилдештирүү жыйымынан 342 млн сом чогултту

"Эко Оператор" ишканасы 9 айда утилдештирүү жыйымынан 342 млн сом чогултту

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасы 2026-жылдын 9 айында утилдештирүү жыйымынан 342 млн 417,2 миң сом чогултту. Министрликтен маалымдалгандай, 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттын көлөмү 214 млн 411,3 миң сомго көбөйгөн. Төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, төлөмдөрдүн

Ишкер Media
Жогорку Кеңеште пахтанын арзандыгы жана аны экспорттоо көйгөйү көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште пахтанын арзандыгы жана аны экспорттоо көйгөйү көтөрүлдү

Кыргызстанда пахтанын баасы өздүк наркынан да төмөн болуп, дыйкандар аны экспорттоодо кыйынчылыктарга туш болууда. Бул маселени бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев көтөрүп чыкты. Ал Ош облусунун Кара-Суу районундагы пахта өстүргөн дыйкандардын көйгөйүнө токтолуп, пахтанын сатуу баасы аны өндүрүүгө кеткен чыгымдан да төмөн болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында

Ишкер Media
Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Ош облусунун Гүлчө шаарындагы Алымбек датка көчөсүндө жол оңдоо иштеринин 75 % аяктады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 3,7 чакырымды түзгөн жолдун 2,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары, ал эми 750 метрине экинчи катмары төшөлдү. Калган 2 чакырымга асфальт төшөө иштери жакынкы 2-3 күндө

Ишкер Media