Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея, Индия, Франция, Германия, Италия, Польша, Словения, Швеция, Нидерланддар, Жаңы Зеландия, Шри-Ланка, Гана, Сауд Аравиясы жана башка өлкөлөрдөн келген окумуштуулар жана өкүлдөр катышты.

Белгиленгендей, түндүк көтөрүү кыргыз элинин салтында ынтымактын, биримдиктин жана достуктун символу катары саналат.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк коноктор көчмөндөрдүн руханий мурасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ысык-Ата" санаторийиндеги жаңы объектилердин ачылышына катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, санаторийде 3 жаңы корпус, спорт зал жана 250 орундуу заманбап ашкана пайдаланууга берилди. Ошондой эле "Саламат" автоматташтырылган тутуму жана Face ID технологиясы киргизилип, каттоо,

Ишкер Media
Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыя шаарында социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга акысыз көмүр таратылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-октябрдан тарта башталган иш-чаранын алкагында 200 жаранга жалпы 60 тонна көмүр акысыз бөлүштүрүлдү. Көмүр таратуу иштери шаар мэри Б. Кошалиевдин жетекчилиги алдында уюштурулуп, кыш мезгилинде муктаж үй-бүлөлөрдүн турмуштук шартын

Ишкер Media
Өлкөдө үч медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда

Өлкөдө үч медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда

24-октябрдан тарта Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) "Туруктуу саламаттык сактоо секторун модернизациялоо" долбоорун даярдоо боюнча миссиясы иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди. Маалым болгондой, Ислам өнүктүрүү банкынын адистери техникалык-экономикалык негиздемени даярдоонун алкагында Ош жана Нарын облустарына барышты. Алар медициналык объекттерди куруу үчүн сунушталган

Ишкер Media
Бишкектеги Ак-Бата конушунда мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Бата конушунда мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушунда спорт комплекси жана жаңы мектеп курулууда. Ал эми Энергетиктер шаарчасындагы “Алёнушка” бала бакчасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган конуштагы спорт комплексинде дзюдо, футбол, гандбол жана волейбол менен машыгууга арналган эки спорт зал, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана машыгуу залы каралган. Учурда имараттын каркасы толук

Ишкер Media