Манас шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды
Манас шаарында жергиликтүү бийлик менен жеке ишкер Жыргалбек Келдибековдун биргелешкен демилгеси менен калкка жеткиликтүү баада эт жана эт азыктарын саткан муниципалдык дүкөн ишке кирди.
Калаа жетекчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, дүкөндө мал жана тай этинин килограммы 770 сомдон сатылууда. Ошондой эле чучук — 1000 сом, бал — 800 сом, бышкан чучук — 1650 сом, карында сакталган сары май 850 сом деп белгиленген.
Ишкердин айтымында, алдыда бааларды дагы төмөндөтүүнү жана кой этин да жеткиликтүү баада сатууну көздөөдө.
Дүкөн Ш. Абдраманов жана З. Жамашев көчөлөрүнүн кесилишинде, "Достук" сейил багынын жанында жайгашкан.


