Ошто көп кабаттуу үйлөр казына жана жашоочулардын эсебинен жаңыланууда
Ош шаарында кош каржылоо менен дагы үч көп кабаттуу турак жай оңдоп-түзөлүүдө. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда И. Раззаков көчөсүндөгү №32, Исанов көчөсүндөгү №51 үйлөрдө жана Кулатов кичи районундагы №21 көп кабаттуу үйдүн чатырлары менен сырты жаңыланууда.
Белгилей кетсек, 50/50 долбоорунун алкагында оңдоо иштерине кеткен чыгымдар жергиликтүү казына жана жашоочулардын эсебинен тең каржыланат.