Өзгөндө жаңы окуу жылына карата 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Өзгөндө жаңы окуу жылына карата 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кара-Тарык айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулуп, 2026-2027-жаңы окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берилди.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуштун жалпы наркы 109 миллион сомду түздү.

Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1281 чарчы метрди түзөт. Билим берүү мекемеси заманбап талаптарга ылайык курулуп, окуучулардын билим алуусу үчүн зарыл шарттар түзүлгөн.

Мектепте окуу класстары, компьютердик класс, лаборатория, эмгек кабинети, жыйындар залы, ашкана, китепкана жана спорт залы каралган.

Жаңы мектеп 150 орунга ылайыкталганы менен, окуу процесси эки мөөнөттө уюштурулуп, 400гө жакын окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда жыл башынан бери суу объектилеринен 160 чакырымдан ашуун балык уулоочу тор жана 3,6 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, тазалоо иштери суу биоресурстарын коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу экосистемаларын сактоо максатында жүргүзүлүүдө. Негизги иштер Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө, Токтогул, Орто-

Ишкер Media
Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

"Кыргызсуудолбоор" ААК менен Кытайдын Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 15–24-октябрь күндөрү "Кыргызсуудолбоор" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Эрмек Дурусалиев жетектеген делегация Кытайга иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында кыргыз

Ишкер Media
"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

Ысык-Көл облусундагы "Жети-Өгүз" санаторийинде жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо иштери 2027-жылдын май айында толук аяктайт. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-октябрда Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев санаторийге барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда санаторийде төрт кабаттуу жаңы башкы корпус, эки кабаттуу дарылоо

Ишкер Media
Азербайжан менен Кыргызстан туризм тармагында кызматташууга кызыкдар

Азербайжан менен Кыргызстан туризм тармагында кызматташууга кызыкдар

Кыргызстан менен Азербайжан ден соолукту чыңдоо туризми жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов менен Азербайжандын Кесиптик бирликтер конфедерациясынын төрагасы Сахиб Мамедовдун жолугушусунда айтылды. Агенттиктен маалымдагандай, тараптар Кыргызстандагы санаторий-курорттук жана ден соолукту чыңдоо инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле бул тармакка инвестиция тартуу

Ишкер Media