Таластын Май айылында 150 орундуу жаңы мектеп ачылат

Таластын Май айылында 150 орундуу жаңы мектеп ачылат

Жаңы окуу жылына карата Талас облусунун Манас районундагы Май айылында Б. Узенов атындагы 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин жалпы наркы 90 миллион сомду түздү.

Долбоорго ылайык, эки кабаттуу мектепте окуучулардын заманбап шартта билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Анда окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс жана спорт залы каралган. Мектептин жалпы аянты 1281 чарчы метрди түзөт.

Курулуш иштеринин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, аткарылган иштердин сапаты жана белгиленген талаптарга шайкештиги текшерилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Баткендин Сабыров айылында 700дөн ашуун тургун таза суу менен камсыз болот

Баткендин Сабыров айылында 700дөн ашуун тургун таза суу менен камсыз болот

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сабыров айылында жаңы ичүүчү суу менен камсыздоо системасы курулууда. Долбоор ишке ашкандан кийин айылдын 700дөн ашуун тургуну таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин маалыматына ылайык, курулуш иштери "

Нарында эски имараттын ордуна үй-бүлөлүк медицина борбору курулууда

Нарында эски имараттын ордуна үй-бүлөлүк медицина борбору курулууда

Нарын шаарында мурдагы кургак учук ооруканасынын эски, авариялык абалдагы имаратынын ордуна облустук үй-бүлөлүк медицина борбору курулуп жатат. Калаа жетекчилигин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда имараттын ички жана тышкы жасалгасы жасалууда. Мындан тышкары, жылуулук жабдуулары орнотулуп, айланасын көрктөндүрүлөт. Белгиленгендей, жаңы борбордо шаар тургундарына медициналык кызмат көрсөтүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.

Ноокатта аба чубалгыларына жаңы өткөргүчтөр тартылып жатат

Ноокатта аба чубалгыларына жаңы өткөргүчтөр тартылып жатат

Ноокат районунда электр жабдууларын жаңылоо жана жарык берүү сапатын жакшыртуу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Ош электр тармактар ишканасынан билдиришти. Учурда аймактагы энергетиктери 110/35/10 кВ "Ноокат" көмөк чордонунан чыккан МСО фидериндеги 10 кВ чубалгысына СИП өткөргүчтөрүн тартып жатышат. Иштер Кара-Таш – Кош-Дөбө-3 тилкесинде жүргүзүлүүдө.

Ошто көп кабаттуу үйлөр казына жана жашоочулардын эсебинен жаңыланууда

Ошто көп кабаттуу үйлөр казына жана жашоочулардын эсебинен жаңыланууда

Ош шаарында кош каржылоо менен дагы үч көп кабаттуу турак жай оңдоп-түзөлүүдө. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда И. Раззаков көчөсүндөгү №32, Исанов көчөсүндөгү №51 үйлөрдө жана Кулатов кичи районундагы №21 көп кабаттуу үйдүн чатырлары менен сырты жаңыланууда. Белгилей кетсек, 50/50 долбоорунун алкагында оңдоо иштерине