Тогуз-Тородо токойлорду көбөйтүү үчүн көчөттөр өстүрүлүүдө

Тогуз-Тородо токойлорду көбөйтүү үчүн көчөттөр өстүрүлүүдө

Тогуз-Торо токой чарбасынын Макмал токой бөлүмүнө караштуу питомникте 2025–2026-жылдары уруктан өстүрүлгөн көчөттөргө асыроо иштери жүргүзүлдү.

Токой кызматынын маалыматына ылайык, адистер көчөттөрдүн жакшы өсүп-өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн отоо, топурагын жумшартуу, сугаруу жана башка агротехникалык иштерди аткарышты.

Белгиленгендей, өстүрүлгөн көчөттөр келечекте токойлорду калыбына келтирүү жана жаңы токой аянттарын түзүү иштерине пайдаланылат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кырчында ыкчам жардам көрсөтүү үчүн эки тик учак нөөмөттө турат

Кырчында ыкчам жардам көрсөтүү үчүн эки тик учак нөөмөттө турат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда жарандарга зарыл учурда ыкчам жардам көрсөтүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки тик учагы нөөмөткө коюлду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Airbus H-125 жана Airbus H-145 үлгүсүндөгү тик учактар зарыл болгон учурда бейтаптарды ооруканага ыкчам жеткирүү үчүн

Араван жана Ноокат органикалык продукция өндүрүүчү аймак катары өнүктүрүлөт

Араван жана Ноокат органикалык продукция өндүрүүчү аймак катары өнүктүрүлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ош облусунун Араван жана Ноокат райондоруна жумушчу сапар менен барып, бир катар айыл чарба жана кайра иштетүү ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, сапардын жүрүшүндө органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сактоо жана

Кырчында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

Кырчында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда Ысык-Көлгө 150 миңге жакын конок келди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен катар жарандарга ар кандай кырдаалда жардам көрсөтүүдө. Алар конокторго жол көрсөтүп, керектүү багыттарды түшүндүрүп,

Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо иштери текшерилди

Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо иштери текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Момбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунда жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Иш сапардын жүрүшүндө жол куруу иштеринин сапатына, аткарылып жаткан жумуштардын көлөмүнө жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына көңүл бурулду. Министрдин