Жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борбор курула баштады

Жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борбор курула баштады

Кыргызстанда Жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов белгилегендей, жаңы жайдын түзүлүшү жарандардын ден соолугун чыңдоого, өлкөнүн илимий дараметин өнүктүрүүгө жана жугуштуу оорулардын коркунучтарына даярдыкты жогорулатууга багытталган.

Маалыматка ылайык, иш-чарага видеоконференция аркылуу Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын бакубаттуулугун камсыз кылуу чөйрөсүндө көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Анна Попова да кошулду.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

ЖК салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

ЖК салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү бир катар мыйзам долбоорлору бириктирилип, экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алынды. Бул боюнча Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев маалымат берди. Анын айтымында мыйзам долбоорлору жеке жактардын салыктык жүгүн азайтууга, салык төлөгөндөн кийин алардын карамагында кала

Ишкер Media
"Эко Оператор" ишканасы 9 айда утилдештирүү жыйымынан 342 млн сом чогултту

"Эко Оператор" ишканасы 9 айда утилдештирүү жыйымынан 342 млн сом чогултту

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасы 2026-жылдын 9 айында утилдештирүү жыйымынан 342 млн 417,2 миң сом чогултту. Министрликтен маалымдалгандай, 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттын көлөмү 214 млн 411,3 миң сомго көбөйгөн. Төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, төлөмдөрдүн

Ишкер Media
Жогорку Кеңеште пахтанын арзандыгы жана аны экспорттоо көйгөйү көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште пахтанын арзандыгы жана аны экспорттоо көйгөйү көтөрүлдү

Кыргызстанда пахтанын баасы өздүк наркынан да төмөн болуп, дыйкандар аны экспорттоодо кыйынчылыктарга туш болууда. Бул маселени бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев көтөрүп чыкты. Ал Ош облусунун Кара-Суу районундагы пахта өстүргөн дыйкандардын көйгөйүнө токтолуп, пахтанын сатуу баасы аны өндүрүүгө кеткен чыгымдан да төмөн болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында

Ишкер Media
Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Ош облусунун Гүлчө шаарындагы Алымбек датка көчөсүндө жол оңдоо иштеринин 75 % аяктады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 3,7 чакырымды түзгөн жолдун 2,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары, ал эми 750 метрине экинчи катмары төшөлдү. Калган 2 чакырымга асфальт төшөө иштери жакынкы 2-3 күндө

Ишкер Media