Акыйкатчы: Коомдук кеңеш институттун ишмердүүлүгүнө эксперттик колдоо көрсөтөт

Акыйкатчы: Коомдук кеңеш институттун ишмердүүлүгүнө эксперттик колдоо көрсөтөт

Акыйкатчы институтунун демилгеси менен адам укуктары жана эркиндиктери боюнча коомдук кеңеш түзүлүп, анын алгачкы отуруму өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, отурумда адам укуктарын коргоо жана камсыз кылуу жаатындагы орчундуу маселелер талкууланып, коомдук кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттары аныкталды.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева коомдук кеңештин түзүлүшү институттун жарандык коом, адистер жана укук коргоо уюмдары менен кызматташтыгын күчөтүүгө багытталганын белгиледи. Анын айтымында, кеңештин курамына адам укуктарын коргоо жаатында тажрыйбасы бар адистер кирди.

Отурумда "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова коомдук кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Турдубекова Акыйкатчы институтунун жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү боюнча иштерин белгилеп, аймактардагы мониторингдерди коомдук кеңештин мүчөлөрү менен биргеликте өткөрүүнү сунуштады.

Ал эми укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштамаларын аткарууга, ошондой эле жарандардын жеке маалыматтарын коргоо жана экологиялык укуктарын камсыз кылуу маселелерине көңүл бурууну сунуштады.

Акыйкатчы коомдук кеңештин сунуштары мамлекеттик органдарга сунуштамаларды даярдоодо жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча чараларды иштеп чыгууда эске алынарын билдирди.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media