Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды
"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты.
Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты.
Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-Фармациянын" ортосунда түз байланыш түзүүгө жана кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоого өбөлгө түздү.