Эмгек министрлиги жарандарды кабыл алып, маселелерин укту
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар турак жай, жер жана мүлк маселелери, балдарына байланыштуу укуктук маселелер, жеке мүнөздөгү кайрылуулар, ошондой эле кохлеардык аппарат менен камсыз кылуу боюнча көйгөйлөрүн билдиришти.
Ар бир кайрылуу боюнча жарандарга тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип, маселелерди мыйзам чегинде чечүү жолдору боюнча сунуштар айтылды.
Министрликтин өкүлдөрү жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган иштер аткарыларын белгилешти.