Көчмөндөр оюндарына келгендерге дарыгерлер бир катар сунуштарды берди

Көчмөндөр оюндарына келгендерге дарыгерлер бир катар сунуштарды берди

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан аянтчаларда медициналык кызматкерлер нөөмөттө болуп, жардамга кайрылган жарандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дарыгерлердин маалыматына караганда, кайрылуулардын басымдуу бөлүгүн жеңил жаракаттар, кан басымдын жогорулашы, кант диабети жана аллергия сыяктуу өнөкөт оорулардын күчөшү түзүүдө.

Мындан тышкары, аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу тамак сиңирүү системасынын бузулушу жана суук тийүүгө мүнөздүү белгилер менен кайрылгандар да бар.

Медициналык кызматкерлер оюндардын бардык негизги аянтчаларында зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.

Адистер катышуучуларды жана конокторду ден соолугуна кам көрүп, алдын алуу чараларын сактоого чакырып, жылуу жана суу өткөрбөгөн кийим алып жүрүүнү сунушташты.

Өнөкөт оорусу бар жарандар дарыгер жазып берген дарыларын үзгүлтүксүз кабыл алып, керектүү дары-дармектерин өздөрү менен алып жүрүшү керек. Ошондой эле кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөө маанилүү.

Белгиленгендей, оюндар өтүп жаткан аймактарда, өзгөчө тайгак жана тегиз эмес жерлерде этият болуу, жетиштүү суу ичүү жана тамактанууну өткөрүп жибербөө зарыл.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ысык-Ата" санаторийиндеги жаңы объектилердин ачылышына катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, санаторийде 3 жаңы корпус, спорт зал жана 250 орундуу заманбап ашкана пайдаланууга берилди. Ошондой эле "Саламат" автоматташтырылган тутуму жана Face ID технологиясы киргизилип, каттоо,

Ишкер Media
Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыя шаарында социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга акысыз көмүр таратылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-октябрдан тарта башталган иш-чаранын алкагында 200 жаранга жалпы 60 тонна көмүр акысыз бөлүштүрүлдү. Көмүр таратуу иштери шаар мэри Б. Кошалиевдин жетекчилиги алдында уюштурулуп, кыш мезгилинде муктаж үй-бүлөлөрдүн турмуштук шартын

Ишкер Media
Өлкөдө үч медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда

Өлкөдө үч медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда

24-октябрдан тарта Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) "Туруктуу саламаттык сактоо секторун модернизациялоо" долбоорун даярдоо боюнча миссиясы иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди. Маалым болгондой, Ислам өнүктүрүү банкынын адистери техникалык-экономикалык негиздемени даярдоонун алкагында Ош жана Нарын облустарына барышты. Алар медициналык объекттерди куруу үчүн сунушталган

Ишкер Media
Бишкектеги Ак-Бата конушунда мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Бата конушунда мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушунда спорт комплекси жана жаңы мектеп курулууда. Ал эми Энергетиктер шаарчасындагы “Алёнушка” бала бакчасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган конуштагы спорт комплексинде дзюдо, футбол, гандбол жана волейбол менен машыгууга арналган эки спорт зал, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана машыгуу залы каралган. Учурда имараттын каркасы толук

Ишкер Media