Кырчында жаракат алган өспүрүмдүн абалы тууралуу маалымат берилди

Кырчында жаракат алган өспүрүмдүн абалы тууралуу маалымат берилди

Кырчын капчыгайынан түшүп келе жаткан учурда жаракат алган 15 жаштагы өспүрүмдүн абалы туруктуу, учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө дарылануусун улантууда.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, өспүрүм алгач Ысык-Көл райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилген. Кароодо сокку алган жарааты, төмөнкү эриндин жабыркашы жана баш мээнин чайкалышы аныкталган.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, бейтапта ретрограддык амнезия байкалууда. Ал жаракат алган учурду жана окуянын жагдайларын эстей албай жатат.

Өспүрүм нейрохирург баштаган адистердин кароосунан өтүп, бардык зарыл медициналык изилдөөлөрдөн кийин тиешелүү дарылоо дайындалган.

Бейтап учурда кошумча компьютердик томографиядан (КТ) өтүү үчүн Балыкчы шаарына жеткирилди.

Учурда өспүрүмдүн абалы туруктуу, неврологиялык жана башка патологиялык белгилер аныкталган эмес.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Мамлекет башчысынын айтымында, Аксы районунун бюджети акыркы беш жылда эки эсеге көбөйдү. 2021-жылы райондун бюджети 154 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 308 млн сомго

Ишкер Media
Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Бишкекте бүгүн Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY" экологиялык фестивалы өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында бак-дарак отургузуу акциясы уюштурулду. Фестивалга Минкаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты. Ошондой эле мамлекеттик органдар, мэрия, ыктыярчылар катышты. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, шаарда 150 орундуу борбордук оорукананын, спорт комплексинин жана эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоорунун алкагында (Адаптация фондунун колдоосу менен) "Ала-Арча" суусунун бассейнинде эрте эскертүү системасын орнотуу жана сыноо иштери аяктады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалым болгондой, жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине расмий өткөрүлүп берилди. Иш-чарага министрдин орун басары Нурбек Жумалиев жана ЮНЕСКО өкүлдөрү катышты. Система климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу

Ишкер Media