Кыргызстанда патент алуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү сунушталууда

Кыргызстанда патент алуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү сунушталууда

Кыргызстанда патенттөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана өтүнмө ээлеринин административдик жүгүн азайтуу сунушталууда. Тиешелүү «Кыргыз Республикасынын “Патент мыйзамына” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоорду иштеп чыгуунун негизги максаты — интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук мониторингдин жүрүшүндө аныкталган боштуктарды жоюу жана улуттук патенттик системанын натыйжалуулугун жогорулатуу.

Патенттик маалыматты кагаз түрүндө жарыялоо талабы жоюлат

Мыйзам долбоорунда патентке байланыштуу маалыматтарды «Расмий бюллетенде» кагаз түрүндө милдеттүү түрдө жарыялоо талабын алып салуу сунушталууда. Анын ордуна маалыматтарды мамлекеттик электрондук реестрге киргизүү датасы расмий жарыялоо датасы жана булагы болуп эсептелет деген ченем киргизилет. Маалыматка караганда, бул өзгөртүү патент системасын санариптештирүүгө жана электрондук документ жүгүртүүгө өтүүгө шарт түзөт. Ошондой эле маалыматтын коомчулукка тез жетишин камсыздайт.

Экспертизанын мөөнөттөрү мыйзамда белгиленбейт

Долбоордо патентке өтүнмөлөр боюнча формалдуу экспертизанын эки айлык, маңызы боюнча экспертизанын 18 айлык мөөнөттөрүн мыйзамдан алып салуу сунушталууда. Пайдалуу моделдер боюнча азыркы 10 айлык мөөнөт да өзгөртүлөт. Мындан ары экспертизанын мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Мөөнөттөрдү мыйзам алдындагы актыга өткөрүү системанын ийкемдүүлүгүн камсыз кылат. Ыйгарым укуктуу орган техникалык жабдуулар жакшырган же иш жүгү азайган учурда Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылбастан, экспертизанын мөөнөттөрүн ыкчам кыскарта алат.

Өнөр жай үлгүлөрүн каттоо тездетилиши мүмкүн

Мыйзам долбоорунда өнөр жай үлгүлөрүнө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнү алып салуу да каралган.

Демилгечилер муну өнөр жай үлгүлөрүнүн, башкача айтканда, дизайндардын жашоо цикли салыштырмалуу кыска экендиги менен түшүндүрүшөт. Мода жана сезондук өзгөрүүлөргө байланыштуу жаңы дизайнды рынокко тез чыгаруу бизнес үчүн маанилүү.

Экспертизанын бул түрүн алып салуу дизайнерлерге жана компанияларга укуктук коргоону тезирээк алууга, продукцияны коммерциялаштырууга жана рынокко атаандаштарынан эртерээк чыгууга шарт түзүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, өзгөртүүлөр инвестиция тартууга жана ишкердик активдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө болот деп күтүлүүдө. Патенттин тезирээк берилиши интеллектуалдык менчикке болгон укуктарды коргоону да күчөтмөкчү.

Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда республикалык бюджеттен кошумча каржылоо талап кылынбайт.

Коомдук талкуу 2026-жылдын 18-сентябрына чейин уланат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media
DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank "First Cross-border RSF Transaction" ("Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор") сыйлыгын алды. Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы

Ишкер Media
Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм өндүрүү боюнча мамлекеттик программа өз жыйынтыгын берип баштады. "Винивин" ЖЧК быйыл 950 тоннадан ашык жүзүм жыйнады, жыйноо иштери дагы уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Салыштыруу үчүн: 2023-жылы 620 тонна, 2024-жылы 540 тонна, ал эми 2025-жылы болгону 140 тонна жыйналган. Быйылкы

Ишкер Media