Манас шаарында селден коргоочу тосмолор бекемделет
Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте курорттук жана дача аймактарындагы селден коргоочу атайын тосмолордун абалын текшерди.
Калаа жетекчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алдыдагы жаан-чачындардан улам суу ташкынын алдын алуу максатында тосмолор бекемделип, топтолгон калдыктар тазаланат.
Ошондой эле зарыл болгон жерлерге кошумча тосмолорду куруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Белгиленгендей, бул иштер шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.





