Манас шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоол болгон курулуштар алынды
Манас шаарында Ботбаев көчөсүндө курулуп жаткан тротуарга тоскоолдук жараткан өз алдынча курулган үч чарба курулушу жана бир дубал буздурулду.
Калаа жетекчилигин басма сөз кызматы билдиргендей, иштер жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле жанжолдун курулушун үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн аткарылды.
Шаар аймагында тургундардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иштер мындан ары да улантылары белгиленди.