Чолпон-Атадагы “Чолпон” кинотеатры реконструкциядан кийин ачылды

Чолпон-Атадагы “Чолпон” кинотеатры реконструкциядан кийин ачылды

Чолпон-Ата шаарындагы “Чолпон” кинотеатры реконструкциядан кийин кайрадан ишке берилди. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков социалдык тармактагы баракчасында кабарлады.

Новиковдун маалыматына караганда, кинотеатр 1982-жылы курулуп, андан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. 2022-жылга карата имарат жараксыз абалга келип, авариялык деп табылган.

“Ушуга байланыштуу РКӨФтүн каржылоосу менен кинотеатр толугу менен жаңыланды. Орундардын саны 200дөн 310го көбөйтүлүп, 5 заманбап кинозал ачылды. Ошондой эле профессионалдык 4K жабдуулары орнотулуп, жаңы жылытуу системасы ишке киргизилди. Эми кинотеатр жыл бою иштей алат”– деп билдирген Артем Новиков маалыматта.

Маалыматка  ылайык, “Чолпон” кинотеатры РКӨФ каржылаган аймактардагы алты кинотеатрды реконструкциялоо долбоорунун төртүнчү объектиси. Буга чейин Баткен, Токмок жана Кербен шаарларындагы кинотеатрлар жаңыланып, ишин баштаган.

Новиковдун айтымында, долбоордун максаты — аймактардагы маданий инфраструктураны калыбына келтирип, заманбап кино көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзүү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media