Европадан келген туристтик поезд Бишкекке 70тен ашык чет элдик туристти алып келди

Европадан келген туристтик поезд Бишкекке 70тен ашык чет элдик туристти алып келди

Германияның Lernidee Erlebnisreisen GmbH компаниясы башкарган эл аралык туристтик поезд 6-сентябрда Бишкекке келди. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын билдирүүсүнө караганда, поезд Батыш Европадан, Түндүк Америкадан жана Чыгыш Азиядан келген 70тен ашык туристти ташып келе жатат. Поезд 11 вагондон турат.

Келген коноктор үчүн атайын жолугушуу жана элдик кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө уюштурулду. Туристтерге кыргыз шырдактары, кийиз буюмдары, улуттук тиричилик буюмдары жана башка салттуу маданияттын үлгүлөрү көрсөтүлдү.

Жолугушуудан кийин туристтер Бишкек боюнча экскурсияга чыгып, негизги кооз жерлерди кыдырып, шаардын тарыхы жана архитектурасы менен таанышышты.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы Кыргызстандын ичинде график боюнча иштөөсүн камсыздайт жана жүргүнчүлөрдү коопсуз ташуу үчүн зарыл шарттарды сунуштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media