Кыргызстандын үч облусунда жаңы ичүүчү суу системаларын курууга даярдык иштери уланууда

Кыргызстандын үч облусунда жаңы ичүүчү суу системаларын курууга даярдык иштери уланууда

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тарабынан Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын 130 айылын таза ичүүчү суу жана заманбап санитардык кызматтар менен камсыздоого багытталган “Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” (1-фаза) программасы активдүү ишке ашырылууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, программанын жыйынтыгында 450 миңден ашуун тургун таза ичүүчү сууга жеткиликтүү болот.

Департаменттин Долбоорду ишке ашыруу тобунун аймактык адистери жаңы суу менен камсыздоо системалары курула турган райондордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муниципалдык ишканалар менен биргеликте курулуш-монтаждоо иштерине даярдык көрүү боюнча координациялык иштерди жүргүзүп жатышат.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында жана ичүүчү суу секторунда жүргүзүлүп жаткан реформаларга ылайык, республиканын 8 районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү райондук кызмат көрсөтүүчү адистештирилген муниципалдык ишканалар түзүлүүдө.

Ошондой эле жолугушуулар өткөрулүп, тургундарга долбоордун максаттары жана милдеттери тааныштырылып, жаңы суу менен камсыздоо системасынын курулушу, ишке ашыруу мөөнөттөрү, үй чарбаларын туташтыруу жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча түшүндүрмөлөр берилүүдө. Анын жүрүшүндө жеринде суу менен камсыздоо системаларына техникалык кароо жүргүзүлүп, учурдагы көйгөйлөр, объекттердин абалы жана кызмат көрсөтүүчү муниципалдык ишканалардын туруктуу иштөөсүнө байланышкан маселелер талкууланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media