Ветеринардык дарыканаларга текшерүү жүргүзүлдү

Ветеринардык дарыканаларга текшерүү жүргүзүлдү

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын региондук  башкармалыктарынын инспекторлору жана Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын адистери - Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Ош жана Нарын шаарларында ветеринардык дарыканаларга мониторинг жүргүзүштү.

Мониторингдин жүрүшүндө ветеринардык дары-дармектердин сатылышы жана сакталуусу, дарыканалардын тиешелүү реестрлерге катталуусу жана мыйзам талаптарынын сакталышы текшерилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө айрым ветеринардык дарыканаларда ички реестрге катталбаган учурлар жана ветеринардык дары-дармектердин агрохимикаттар менен талапка ылайык өзүнчө сакталбагандыгы аныкталды.

Аныкталган кемчиликтер боюнча дарыканалардын ээлерине жана кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү талаптар коюлду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды