Казакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында командалык эсепте биринчи орунду ээледи

Казакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында командалык эсепте биринчи орунду ээледи

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтүп, чоң спорттук майрам катары жыйынтыкталды. Мындай пикирин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов өзүнүн социалдык баракчасында билдирди.

Анын айтымында, көк бөрү жана жер улак боюнча кыргызстандык жана казакстандык командалар жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп, атаандаштык спорт аянтчасында гана каларын дагы бир жолу далилдешти. Ошондой эле күйөрмандардын арасында эч кандай тартип бузуу катталган жок.

Командалык эсеп боюнча бир гана техникалык айырма медалдарды эсептөөдө жаралган. Бүгүн уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун ар биринин медалын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алды. Ошентип, жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи.

Аскат Алагөзов казакстандык спортчуларды жеңиши менен куттуктап, кыргызстандык спортчулар да оюндарда өз күчүн жана чеберчилигин татыктуу көрсөтүшкөнүн белгиледи.

"Медалдын эсеби спорттун бир бөлүгү, ал эми бул оюндардын эң чоң жеңиши атаандаштыкты сый-урмат менен өткөрүп, боордош элдердин ынтымагын дагы бир жолу көрсөтө алганыбыз болду" – деп билдирди Алагозов.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки жол  убактылуу жабылат

Бишкектин Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки жол убактылуу жабылат

Оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу бүгүн, 8-сентябрдан баштап Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Ордо калаанын басма сөз кызматы маалымдагандай, жол кыймылынын качан калыбына келтирилери оңдоо иштеринин жүрүшүнө жана аяктоо мөөнөтүнө жараша белгилүү болот. Ушуга байланыштуу мэрия өкүлдөрү шаар тургундары жана борбор калаанын конокторун

Бишкек мэриясы бюджеттик чыгымдарга аудит жүргүзөт

Бишкек мэриясы бюджеттик чыгымдарга аудит жүргүзөт

Бишкек мэриясында борбор калаада өткөн ири эл аралык иш-чараларга даярдык көрүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, мындан аркы милдеттер аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Мэр Айбек Джунушалиев шаардык кызматтарга, муниципалдык ишканаларга жана райондук администрацияларга аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле учурда жолдорду жана тротуарларды оңдоо, имараттардын фасаддарын жаңылоо,

Улуттук банк бир микрокредиттик компаниянын лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк бир микрокредиттик компаниянын лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн «Ак-Нур Капитал» МКК ЖЧКнын каттоо күбөлүгүн жана чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу лицензиясын кайтарып алды. Улуттук банктан билдиргендей, тиешелүү чечим 9-сентябрдан тартып күчүнө кирет. Компаниянын эсептик каттоо күбөлүгү жана лицензиясы кайтарылып алынды. Ошол эле учурда, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча

Аяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулуп, ордуна Алмаз Айылчиев м.а. болуп дайындалды

Аяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулуп, ордуна Алмаз Айылчиев м.а. болуп дайындалды

КРнын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик администрация жарыялады. Баетов Юстиция министрлигин 2021-жылдын 13-октябрынан бери жетектеп келген. Эми анын