Кыргызстан дүйнөлүк тынчтык индексинде 61-орунду ээледи
Кыргызстан Global Peace Index 2026 рейтингинде 163 өлкөнүн ичинен 61-орунду ээледи. Өлкөнүн көрсөткүчү 1,853 баллды түздү. Рейтингди Institute for Economics & Peace (IEP) түзөт.
Маалыматка караганда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандан кийинки орунда турат. Өзбекстан 37-орунду, Казакстан 44-орунду, Тажикстан 47-орунду, ал эми Түркмөнстан 66-орунду ээледи.
Рейтинг өлкөлөрдүн тынчтык жана коопсуздук деңгээлин 23 көрсөткүчтүн негизинде баалайт. Алардын арасында коомдук коопсуздук, ички жана эл аралык кагылышуулар, саясий туруктуулук жана милитаризация деңгээли бар.
Рейтингде Исландия биринчи орунду ээлеп, андан кийин Жаңы Зеландия жана Швейцария жайгашкан. Россия 163-орун менен акыркы сапка чыкты.